Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:05

Кыргызстанда аялдардын көбү тейлөө тармагында эмгектенет


Улуттук кийимчен кыздар.
Улуттук кийимчен кыздар.

Улуттук статистика комитети 8-март - Аялдардын эл аралык күнүнө байланыштуу изилдөө жарыялады.

Ага ылайык, 2019-жылы республикадагы аялдардын саны 3,2 миллионду түздү. Башкача айтканда, жалпы жарандарды 50,4 пайызын түзүп, эркектерге караганда көбүрөөк экени аныкталды.

2018-жылдын маалыматына караганда, аялдардын ичинен 48% эмгекке жарамдуу болуп, орточо курагы 38 жаш деп эсептелди.

Аялдардын басымдуу бөлүгү өлкөдө саламаттык сактоо, калкты социалдык жактан тейлөө, билим берүү, мейманкана, ресторан жана соода тармагында эмгектенишет.

2018-жылы жогорку кесиптик билими бар аялдардын саны 27% түзсө, эркектердин көрсөткүчү 17% жана 19% болгон. 2018-жылы 50 миң аял турмуш курган. Анын ичинен 94% биринчи жолу никеге турган. Улуттук статистика комитетинин маалыматында, кыргызстандык кыз-келиндер негизинен 18-25 жаштан турмуш курат. (TSh)

XS
SM
MD
LG