Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:18

Токмок: президентке кайрылган жарандын ишин милиция териштирип жатат


Чүй облустук ички иштер башкармалыгы "Фейсбуктагы" “БеспределKG” баракчасында президентке кайрылган видео боюнча териштирүү ишин баштады.

Облустук милициянын басма сөз кызматынын өкүлү Назира Имангазиеванын айтымында, факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

"Арыз түшкөн эмес. Бирок, видео боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Бардык кишилер суралып жатат. Жазык кодексинин 266-беренеси (“Ээнбаштык”) менен тергөө жүрүүдө", - деди Имангазиева.

Чүй милициясы тергөөдө кимдер суралып жатканын, окуя боюнча кенен маалымат берген жок.

"Фейсбуктагы" “БеспределKG” баракчасында “Түндүк электро” ишканасынын Токмок шаарындагы бөлүмүнүн жетекчиси экенин айткан Улан Мукаев аттуу адамдын видеосу тараган. Анда ал жергиликтүү кеңешке ат салышып жаткан партиялардын биринин штабында кысымга кабылганын айткан. Мукаевдин айтымында, аны кысымга алган кишинин жакыны мамлекеттик кызматта иштейт.

Видеодо аты аталган кишилерге, партияга байланышууга мүмкүнчүлүк боло элек.

“Түндүк электро” ишканасынан видеодо арызданган адам бул мекеменин кызматкери экенин ырасташты. Ал кабылган окуяны укук коргоо органдары териштире турганын айтышты.

2020-жылдын апрель айында өлкөнүн айрым аймактарында, анын ичинде Токмок шаарында жергиликтүү кеңешке шайлоо өтөт. (TSh)

XS
SM
MD
LG