Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:54

Сауд Арабиясында падышанын үй-бүлө мүчөлөрү кармалды


Салман бин Абдул-Азиз Ал Сауд (оң жакта) жана мураскер Мухаммед бин Салман.
Салман бин Абдул-Азиз Ал Сауд (оң жакта) жана мураскер Мухаммед бин Салман.

Сауд Арабиясында падышанын үй-бүлөсүнүн үч мүчөсү кармалды, алардын ичинде падышанын агасы жана жээни бар. Бул тууралуу "The New York Times" жана "The Wall Street Journal" басылмалары кабарлады.

Журналисттердин маалыматында, алар мамлекетке чыккынчылык кылган деп айыпталып жатышат.

"The Wall Street Journal" басылмасы падышанын агасы жана жээни падышалык тактыга атаандаш болуп эсептелерин белгиледи. Бирок үч жыл мурда ханзаада Мухаммед бин Салман мураскер болору жарыяланган.

Батыш медиасы 2015-жылы тактыга отурган Салман бин Абдул-Азиз Ал Сауд коррупция менен күрөшүү деген шылтоо менен өзүнүн ыйгарым укуктарын кеңейтип жатканын жазып келишет. Анын буйругу менен падышалык үй-бүлөнүн 200дөн ашуун мүчөсү жана жогорку даражадагы аткаминерлер камалган. Алардын көпчүлүгү миллиарддаган доллар активдерин мамлекетке өткөрүп бергенден кийин айыптоо токтотулган.

XS
SM
MD
LG