Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:42

Өкмөт: Таласта коронавирус катталды деген маалымат калп


Талас.
Талас.

Өкмөт Манас районунда коронавируска чет элдик жарандын чалдыкканы аныкталды деген маалымат жалган экенин билдирди.

7-мартка карата өлкө аймагында коронавирус аныкталган жок жана эпидемиологиялык кырдаал туруктуу.

Акыркы күндөрү социалдык тармактарда жана мессенжерлер аркылуу “Түркиянын коронавирус жуктурган жараны Манас районундагы ооруканага жаткырылганы” тууралуу маалымат тараган.

Бул жалган аудионун автору Талас облусунун Манас районунда жашаган тургун экени аныкталды.

Коронавирустун алдын алуу боюнча республикалык штаб жарандарды инфекция боюнча жалган маалыматтарды таратпоого, жоопкерчиликсиз билдирүүлөр менен элди дүрбөтпөөгө чакырат. (TSh)

XS
SM
MD
LG