Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:45

Милиция: кармалгандар тыюу салынган жерде митинг өткөрүшкөн


Бишкекте «Аялдардын шериктештик маршында» кармалгандар Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнө алып келинди. Райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Эрлан Атантаев алар уруксат берилбеген жерде митинг өткөрүшкөнү үчүн кармалганын билдирди.

Бүгүн Бишкекте «Аялдардын шериктештик маршы» өтмөк. Бирок алгач белгисиз кишилер келип уюштуруучулардын баракчаларын айрып, чыр чыгарышкан. Андан соң милиция уюштуруучуларды кармай баштаган. Милиция кармап кеткендердин арасында Башталгыч кесиптик билим берүү агенттигинин жетекчиси Рита Карасартова, активист Алтын Капалова жана журналисттер бар экени кабарланды.

Аялдардын эл аралык күнүнө карата белгиленген жүрүштө аялдардын укуктары, гендердик теңдик жөнүндө маалыматтар айтылмак. Жөө жүрүштү активисттерден турган демилгелүү топ уюштуруп жаткан.

XS
SM
MD
LG