Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:14

Иранда коронавирустан депутат каза болду


Иран.
Иран.

7-мартта Ирандын медиа каражаттары коронавирус жуктурган парламенттин депутаты каза болгонун маалымдашты. 6-мартта каза болгон депутат Фатеме Рахбар парламентке Тегерандан шайланып келген.

Иран – Кытайдан кийинки коронавирус көп аныкталган өлкө болууда. 7-марттагы маалыматка ылайык, азыркы учурда 5823 адам өпкөнү сезгенткен вирус жуктурса, илдеттен 145 киши көз жумду.

Иранда коронавирустан бир нече аткаминер каза болду. Вице-президент Масуме Эбтекар жана саламатык сактоо министринин орун басары Ираджа Харирчи жана жыйырмадан ашык парламент депутатынан вирус аныкталды.

Иранда мектеп, жогорку окуу жайлар жабылып, маданий, спорттук жана башка иш-чаралар токтотулду.

XS
SM
MD
LG