Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:22

Милиция Бишкектеги жүрүштү мыйзамсыз деп атады


Аялдардын тилектештик жүрүшүнө каршы чыккандардын бири.
Аялдардын тилектештик жүрүшүнө каршы чыккандардын бири.

Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынын Свердлов райондук бөлүмү 8-мартта уюштурулган "Аялдардын тилектештик жүрүшүн" мыйзамсыз деп атады.

Милиция медиа каражаттарына тараткан билдирүүсүндө иш-чара тууралуу күч органдарына алдын ала кабар берилбегенин, жүрүш маалында чагым уюштурулганын белгиледи. Ошондой эле билдирүүдө “чагымга тиешеси бар айрым кишилер милиция бөлүмүнө жеткирилгени” айтылат.

Жүрүшкө чыккандар зомбулукка кабылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:06 0:00


8-мартта Бишкекте «Аялдардын тилектештик жүрүшү» өтмөк. Ал башталарда беткап тагынып, ак калпак кийген адамдар келип уюштуруучулардын баракчаларын айрып, чыр чыгарышкан. Андан соң милиция уюштуруучуларды кармай баштаган.

Милиция кармап кеткендердин арасында Башталгыч кесиптик билим берүү агенттигинин жетекчиси Рита Карасартова, активист Алтын Капалова жана журналисттер болду.

XS
SM
MD
LG