Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жекшемби, 29-март, 2020 Бишкек убактысы 18:16

Сауд Арабиясы «соода согушун» баштады


Саудиянын мунай заводдорунун бири. 19-сентябрь, 2019-жыл.

Сауд Арабиясы апрелден тартып мунайдын бир баррелин 6-8 долларга чейин арзандатууну көздөп турат. Бул акыркы 30 жылдагы эң ири арзандатуу болот деп бааланууда.

Андан тышкары падышалык өлкө өндүрүшүн көбөйтүп, суткасына 10 млн. баррелге чейин кара май өндүрүүнү көздөйт. «Bloomberg» агенттиги жана эксперттер мамлекеттик «Saudi Aramco» компаниясынын бул аракетин «соода согушу», «Европадагы, Азиядагы жана АКШдагы кардарларды өзүнө тартып кетүү далалаты» деп баалап жатышат.

Саудия бул билдирүүсүн Венадагы сүйлөшүү үзгүлтүккө учурагандан кийин, 7-мартта таратты.

Коронавируска байланыштуу дүйнөдө өндүрүштүн ыргагы солгундап, натыйжада мунайга муктаждык азайып, анын баасы төмөндөгөн. Ошондон улам ири мунай экспорттоочу өлкөлөрдүн өкүлдөрү Венага чогулуп, өндүрүштүн көлөмүн дагы азайтууну макулдашмак. Орусия «ага негиз жок» деп бул сунушка көнгөн жок.

Жума күнү сүйлөшүүдөн майнап чыкпаган соң мунайдын баасы 8% ылдыйлап, баррели 45 долларга түшүп кетти. Сауд Арабиясынын кадамынан кийин кара майдын дагы арзандашы күтүлүүдө.

Москванын Венадагы позициясына бардык эле мунай копаниялары макул эмес. «Лукойлдун» теңшерик ээси Леонид Федун «The Bell» интернет-порталы менен болгон маегинде Венадагы ажырымдан кийин Орусия күнүнө 100-150 млн доллар жоготорун билдирди.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG