Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
бейшемби, 2-апрель, 2020 Бишкек убактысы 06:31

Гаагадагы орус элчилигинин алдында үнсүз акция өттү


Гаагадагы орус элчилигинин алдына тизилген 298 отургуч. 8-март, 2020-жыл.

Малайзиялык MH17 авиакаттамында келатып ажал тапкан жүргүнчүлөрдүн туугандары Гаагадагы орус элчилигинин алдына 298 отургуч тизип, үн-сөзсүз акция өткөрүштү. Алар Орусияны Донбасстын үстүнөн учуп баратканда атып түшүрүлгөн «Боинг» үчүн жоопкерчилик алууга чакырышты.

2014-жылдын 17-июлунда Амстердамдан Куала-Лумпурга бараткан учак Украинанын Донбасс аймагына кулаган. Ичиндеги 298 адамдын бири да аман калган эмес.

Эл аралык тергөө тобу жүргүнчү учакты Орусия колдогон жикчилдер көзөмөлдөгөн аймактан, Курск бригадасына караштуу «Бук» зениттик-ракеталык комплекси менен атып түшүргөн деген жыйынтыкка келген.

9-мартта Гаагада ошол кырсык боюнча ачык сот процесси башталат.

Москва бардык дооматтарды четке кагып, учак кыйраган учурда бир да «Бук» Украина тарапка өтпөгөнүн билдирип келет.

Эл аралык тергөө тобу ошол кезде жикчилдердин аскер жетекчилери Игорь Гиркин, Олег Пулатов, Сергей Дубинский жана украин жараны Леонид Харченко кылмышка түздөн-түз жоопкер деп тапкан.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG