Жугуштуу илдеттин алдын алуу штабынын маалыматына ылайык, сырттан келип жаткандар кылдат текшерүүгө алынууда. Чек ара бекеттери күчөтүлгөн тартипте иштөөнү улантып жатышат. Аба компаниялары менен түзүлгөн келишимдер боюнча, жүргүнчүлөр учактан түшүрүлбөй туруп тепловизордун көзөмөлүнөн өткөрүлүүдө.
Кыргызстанга чет жактан келген бардык жарандар жалпы жарандык паспорт менен киргизилип жатат. Андай паспорту жоктор атайын көзөмөл бөлмөсү аркылуу текшерилип өткөрүлөт.
Штабдын маалыматы боюнча эпидемиологиялык кырдаал курч мамлекеттерден келген же ал жактарда акыркы бир ай ичи болгон чет элдиктер өлкөгө киргизилбейт. Ал эми кыргызстандыктар түз карантинге алынат.
Коронавирустун алдын алуу штабынын сунушу менен өлкөдө жакынкы аралыкка белгиленген бардык массалык иш-чаралар токтотулган. (ZKo)