Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:37

Саясий репрессияларга каршылык комитети милициянын аракетин сынга алды


Кармалган активисттер автобустар менен милиция бөлүмүнө жеткирилген. Бишкек. 8-март, 2020-жыл.
Кармалган активисттер автобустар менен милиция бөлүмүнө жеткирилген. Бишкек. 8-март, 2020-жыл.

Комитеттин билдирүүсүндө «Тынч жүрүштүн катышуучуларын күч менен кармап кетүү - бир жагынан жарандардын укугун бузууга жатат, экинчи жагынан жүрүштү өткөрүүгө жолтоо болгон чагымчылардын аракетин актоо болуп саналат. Бул агрессивдүү чагымчылар атайын бийлик тарабынан даярлалган» деп жазылган.

Саясий репрессияларга каршылык комитети 8-марттагы аялдардын тилектештик маршын үзгүлтүккө учуратуу - сөз эркиндигин чектөө жана саясий оппозицияга кысым деген пикирде. «Бийлик коомду «өз» жана «жат» деп бөлүп жатат, муну менен башкалардын пикирин, тандоосун сыйлабастык күч алып, коомдо ишенбестик күчөдү» деп белгиленген кайрылууда. Ошондуктан, комитет «ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Канат Жумагазиевге кызматтан кетирүүгө чейинки саясий жана укуктук баа берүүнү президенттен талап» кылган.

8-мартта Бишкекте «Аялдардын шериктештик маршы» белгисиз адамдар тарабынан үзгүлтүккө учураган. Жүрүштүн уюштуруучуларына алгач белгисиз кишилер келип алардын баракчаларын айрып, чыр чыгарышкан. Андан соң милиция уюштуруучуларды кармап кеткен. 50дөй жарандык активист түшүнүк кат жазгандан кийин бошотулган.

Райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Эрлан Атантаев алар уруксат берилбеген жерде митинг өткөрүшкөнү үчүн кармалганын билдирди. Кыргыз өкмөтү милиция кагылышууну токтотуп калганын белгиледи. (ZKo)

XS
SM
MD
LG