Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шейшемби, 31-март, 2020 Бишкек убактысы 06:56

Булак: Түркмөнстанда эки адам коронавируска чалдыкканы маалым болду


Ашгабат шаары. Түркмөнстан. Иллюстрациялык сүрөт.

Түркмөнстандын медицина чөйрөсүндөгү өз булактар өлкөдө кеминде эки адам коронавирус жугузуп алгандыгы аныкталып, учурда алар Ашхабаддын четиндеги ооруканада дарыланып жатканын билдиришти.

Алардын айтымында, бейтаптарга COVID-19 диагнозу болжол менен он күн мурда коюлган. Азырынча алардын жакында чет өлкөдөн келгени же вирусту Түркмөнстанда жугузганы белгисиз.

Бирок Жугуштуу оорулардын алдын алуу жана дарылоо борборунун кызматкери өлкөдө коронавирус жугузгандар аныкталганы тууралуу маалыматты четке какты.

«Силерге туура эмес маалымат берилген. Эч кандай коронавирус жок. Азыр бизде карантинге алынган бейтаптар бар», - деди ал.

Түркмөнстандын бийлиги быйыл 25-февралда гана коронавирус тууралуу алгачкы жолу айтып, өлкөдө бул вирусту жугузгандар жок экенин билдирген. Ага чейин мамлекеттик ЖМКлар бул темага кайрылбай, коронавирустун дүйнөдө жайылып жаткандыгы тууралуу маалымат бербей келишкен.

Пикирлерди көрүңүз (2)

XS
SM
MD
LG