Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шейшемби, 31-март, 2020 Бишкек убактысы 07:20

Башкы прокуратура: Митингди тыюу чечимдери мыйзамсыз жана негизсиз


Иллюстрациялык сүрөт.

Башкы прокуратура жарандардын митингдерди, жүрүштөрдү, башка иш-чараларды өткөрүшүн чектөө мыйзамга каршы келет жана райондук соттордун ага тиешелүү чечимдери жокко чыгарылышы керек деп эсептейт. Мындай билдирүү Башкы прокуратуранын расмий сайтына 9-мартта жайгаштырылды.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда Бишкек мэриясынын расмий иш-чаралардан башка бардык иш-чараларды 1-июлга чейин чектөө боюнча чара көрүү тууралуу токтомунун негизинде акимчиликтер сотко кайрылышкан. Кайрылууларды Биринчи май, Ленин, Октябрь райондук соттору 5-мартта канааттандырган.

Соттордун мындай чечимдерине жана мэриянын 4-марттагы токтомуна Биринчи Май, Ленин жана Октябрь райондук прокуратуралары, шаардык прокуратура каршы сунушун билдиргени Башкы прокуратуранын маалыматында белгиленген.

Буга чейин жергиликтүү соттор Биринчи Май, Ленин, Октябрь райондук акимчиликтеринин арызынын негизинде расмий эмес иш-чараларды, анын ичинде марштарды, митингдерди өткөрүүгө 1-июлга чейин чектөө киргизген. Мындай чечимдер арыз берген тараптардын коронавирустун жайылышына жана массалык башаламандыкка жол бербөө тууралуу өтүнүчүнө ылайык кабыл алынганы айтылган.

Бишкек мэриясы коомчулуктун пикирин эске алып, Свердлов райондук сотуна берген райондук акимчиликтин арызын 6-мартта кайтарып алган.

8-мартта Бишкекте аялдардын укугун коргоо маршы кармоо менен аяктады. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (11)

XS
SM
MD
LG