Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:30

УКМК: Пара талап кылган салык кызматкерлери кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бишкекте ири өлчөмдө пара талап кылган салык кызматкерлери кармалганын билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, 6-мартта Ленин райондук салык башкармалыгынын бөлүм башчысы жана инспектору кармалды.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, алар жеке компаниялардын биринин бухгалтеринен салыктык текшерүүнүн жыйынтыгын оңунан чечип бериш үчүн 25 миң доллар талап кылып, быйыл февраль айында алгачкы 5 миң долларын алышкан.

Сотко чейинки өндүрүштүк материалдар Жазык кодексинин 326-беренеси («Опузалап пара талап кылуу») боюнча Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Кармалгандар УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Быйыл февраль айында Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңешке караштуу Өнөр жайын жана ишкердикти өнүктүрүү комитетинин жыйынында мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков ишкерликтеги тоскоолдуктарды белгилеп, маселени чече албаган жетекчилердин ишин сынга алган. (RK)

XS
SM
MD
LG