Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:14

Бишкекте Жерүй маселеси талкууланууда


Жерүй.
Жерүй.

Бишкекте Жерүй маселесин талкуулаган жыйын өтүп жатат. Аны өзүн «элдик комиссия» деп атаган бирикме уюштурду. Талкууну жарандык активист Айбек Мырза алып барууда.

Жыйында Жерүй боюнча 2015-жылы өткөрүлгөн аукциондун негиздүүлүгү тууралуу сөз болуп, ошол кезде аукционду уюштурууга жана өткөрүүгө тиешеси барлар маалымат берүүдө.

Катышуучулардын арасынан Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиевди, коомдук ишмерлер Дастан Сарыгуловду, Батыркул Баетовду, активисттер Замир Көчөрбаевди жана Аманбол Бабакуловду көрүүгө болот.

Таластагы «Жерүй» алтын кени 1969-жылы чалгындалган. Бул кен алтындын өлчөмү боюнча Кыргызстанда Кумтөрдөн кийинки орунда турат. Геологиялык баштапкы иликтөөлөргө ылайык, кенде 84 тонна алтын, 10 тоннадан ашуун күмүш бар.

2015-жылы кен иштетүү укугу аукциондун негизинде 100 миллион долларга сатылган. Мындай укук орусиялык «Орус платинасы» компаниясына таандык «Восток геолдобыча» ишканасына тийген. Анын карамагында «Алтын альянс» ишканасы түзүлгөн. (RK)

XS
SM
MD
LG