Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:24

Коронавирус: Саякат кемесиндеги кыргызстандык Бишкекке кайтып келди


«Манас» аэропорту. Иллюстрациялык сүрөт.
«Манас» аэропорту. Иллюстрациялык сүрөт.

Жапонияда коронавируска байланыштуу карантинге алынган «Diamond Princess» саякат кемесиндеги кыргызстандык Бишкекке кайтып келди, ал дарыгерлердин көзөмөлүнө алынды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги 9-мартта кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, ал 14 күндүк обсервацияга жаткырылды, абалы туруктуу. Анализдери текшерилип жатат.

Жапониянын жээгине келген «Diamond Princess» саякат кемеси 3-февралдан тартып вирустун айынан карантинге алынган. Кемеде 3000ден ашык киши бар экени, алардын 400дөн көбүнө коронавирус жукканы аныкталган.

Кемедеги кыргыз жараны 15-февралда Токиодогу Аскердик госпиталда байкоого жаткырылган. Бир нече жолу анализдери коронавируска текшерилип, таза чыккан. Коронавирус жукпаганы аныкталып, 29-февралда госпиталдан чыгарылган.

Саламаттык сактоо министрлиги 9-мартка карата Кыргызстанда жана кыргызстандыктар арасында коронавирус жугузгандар жок экенин билдирди.

Соңку маалымат боюнча, Кытайдан чыккан коронавирус дээрлик 80 миң адамга жукту, алардын көбү кытайлыктар. 3100 адам каза болду, 58 миңдейи айыгып чыкты. (RK)

XS
SM
MD
LG