Билим берүү жана илим министрлиги мектеп окуучуларынын быйылкы жазгы каникул күндөрүн аныктады.
Мекеме тараткан маалыматта базистик окуу планына ылайык Кыргызстандын мектептеринде жазгы каникул 21-марттан 30-мартка чейин созулары айтылат.
Окуучулар 10 күндүк эс алуудан кийин 31-марттан баштап кайрадан окууга чыгат.
Кыргызстанда 2,5 миңге жакын мектеп бар, аларда 1 миллиондон ашуун окуучу билим алат. (RK)