Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
дүйшөмбү, 30-март, 2020 Бишкек убактысы 04:03

Сулайманов: Аялга кол көтөрүү - жапайычылык жана алсыздык


Алтынбек Сулайманов.

«Бир Бол» партиясынын жана Жогорку Кеңештеги аталган фракциянын лидери Алтынбек Сулайманов 8-мартта Бишкекте өткөн акцияда кыз-келиндерге карата жасалган мамилени кескин айыптады.

9-мартта социалдык түйүндөр аркылуу тараткан видео кайрылуусунда ал «бетин жаап, аялдарга кол көтөрүүнү» алсыздык деп баалады:

«Качан кыргыздын жигиттери башына калпак кийип, бетин бет кап менен жаап сабады эле!? Бул - жапайычылык, бул - сабатсыздык, бул - алсыздык. Алсыздарга, назиктерге кол көтөрүү – бул алсыздык. Ошолорду жигит деп, кыргыздын мырзасы деп айтканга оозум барбайт. Кыйын болсоңор, бет кабыңарды чечип, келгиле. Сүйлөшөлү!»

8-мартта Бишкекте Жеңиш аянтындагы митингден кийин милицияга жалпысынан 11 адам жеткирилген, алардын алтоо кыз-келиндер, бешөө эркек. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. Свердлов райондук милициясында аларга карата протокол түзүлүп, кармалгандар айыппул төлөөгө милдеттендирилди.

Милиция «Феминалле» жана «8/365» коомдук уюмдарынын 8-марттагы митинги уруксатсыз уюштурулганын белгилөөдө.

8-мартта Бишкекте «Аялдардын шериктештик маршы» өтмөк. Бет кап, калпак кийген белгисиз адамдар аны үзгүлтүккө учуратып, жүрүшкө чыккандарды милиция кармап кеткен. Укук коргоочулар, эл аралык уюмдар зомбулукка каршы жүрүштүн катышуучуларынын кармалышын кескин айыпташты. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (33)

XS
SM
MD
LG