Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жума, 10-апрель, 2020 Бишкек убактысы 01:29

Германия качкындардын балдарын кабыл алат


Түркия менен Грекиянын чек арасында миңдеген качкын топтолуп турат.

Германия Түркия менен Грекиянын чек арасындагы мигранттар лагериндеги жардамга муктаж балдарды жана өспүрүмдөрдү кабыл алат. Мындай чечим 9-марттын таңында кабыл алынды.

Бийликтеги коалицияга кирген фракциялар биргелешип тараткан билдирүүдө Берлин оор гуманитардык кырдаалга кабылган 1000-1500дей баланы кабыл алууга даяр экени жазылган. Кеп 14 жашка чыга элек, ата-энесинин же жакын туугандарынын коштоосуз жүргөн балдар жөнүндө болуп жатат. Алардын көбү ооруп жатканы айтылууда. Буга чейин лагердеги балдарды кабыл алууга даярдыгын Хорватия билдирген.

Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар агенттиги билдиргендей, учурда Түркия менен Грекиянын чек арасында 116 миңдей качкын бар. Алардын 5500дөйү жакындары жок жүргөн балдар.

Эки жума мурда Түркия Европаны көксөгөн качкындардын жолун ачкан. Грек полициясы чек арадан өтүүгө аракет кылгандарды жаш агызчу газ атып жолун тосуп жатат.

XS
SM
MD
LG