Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:40

Өзбекстан ЕАЭБге байкоочу болот


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Расмий Ташкент Евразия Экономикалык Биримдигине (ЕАЭБ) кирер-кирбесин чечерден мурун бул уюмга байкоочу болот. Бул тууралуу өзбек өкмөтү кабарлады. Ага ылайык, аткаруу бийлиги жакында парламенттин эки палатасына буга байланыштуу сунуш киргизет.

Президент Шавкат Мирзиёев ушул жылдын башында парламенттеги кайрылуусунда өкмөт ЕАЭБ менен кызматташуунун жолдорун иликтеп, караштырып жатканын билдирген. Анда аталган өлкө өндүргөн өнүмдүн 80% ушул уюмдагы мамлекеттерге жөнөтүлөрүн белгилеген.

Кыргызстан уюмга 2015-жылдын 12-августунда мүчө болгон. ЕАЭБде Кыргызстандан сырткары Орусия, Казакстан, Беларус жана Армения бар.

Кыргыз коомчулугунда бул уюмдун пайда-зыяны тууралуу пикирлер бир кылка эмес.

XS
SM
MD
LG