Стокгольмдогу Тынчтыкты иликтөө эл аралык институту (SIPRI) соңку беш жыл ичинде дүйнөдө курал-жарак сатуу 5,5% көбөйгөнүн иликтеп чыкты. Уюм жарыялаган баяндамага ылайык, анда АКШ алдыда турат. Вашингтон соңку беш жыл ичинде курал-жарак сатууну 23% көбөйттү. Кошмо Штаттар саткан курал-жарактын теңи Жакынкы Чыгышка, ал эми калган жарымы Сауд Арабиясына туура келет. АКШнын авиатехникасын негизинен Европа өлкөлөрү, Австралия, Жапония жана Тайвань алган.
Орусияда тескерисинче курал-жарак сатуу 18% азайган. Буга негизинен Индия менен келишими азайганы себеп болду.
Францияда Египет, Катар жана Индия менен түзүлгөн келишимдеринен улам курал-жарак сатуу 77% көбөйгөн. Курал-жарак экспорттогон он ири өлкөнүн катарына биринчи жолу Түштүк Корея кирген. Бул өлкөнүн экспорту мындан беш жыл мурункуга караганда 143% арбыган. Израил да 77% экспорту менен рекорддук көрсөткүчкө жеткен.
Түрк курал-жарактарын сатуу 48% азайган.
SIPRI - дүйнө өлкөлөрүнүн курал-жаракка кетирген чыгымдарын, тапкан киреше-пайдасын иликтеген дүйнөлүк илим-изилдөө институту. Уюмдун эсебинде АКШ, Орусия, Франция, Германия жана Кытай курал-жарак экспорттогон ири мамлекеттер болуп эсептелет.