Жүрүштүн алкагында Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери Кыргыз-Ата айыл аймагынын тургундары менен чогуу «Өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу», «Үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка каршы» жана «Жугуштуу оорулардын алдын алуу» деген аталышта атайын түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымдагандай, иш-чарага аталган аймакта жайгашкан сегиз орто мектептин 9-10-11-класстарынын окуучулары катышты. Алар тиешелүү адистерден кылмыштуулуктун алдын алуу, үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун жана жугуштуу оорулардын кесепеттери боюнча маалымат алып, кызыккан суроолоруна жооп алышты.
Иш-чара башка айылдарда да улантылмакчы. Ноокат районунда жыл башынан бери үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка байланыштуу 20 учур катталган.
Аялдардын укугун коргоо жана үй-бүлөлүк зомбулукка каршы маршты 8-мартта Ош шаарында өткөрүүгө мэрия жана шаардык милиция тыюу салган. (DU)