Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:11

Лайнерден кайтып келген кыргызстандыктан вирус аныкталган жок


Сүрөттө: "Манас" аэропортуна учуп келген жүргүнчүлөрдү тепловизор менен текшерүү. Февраль, 2020-жыл.
Сүрөттө: "Манас" аэропортуна учуп келген жүргүнчүлөрдү тепловизор менен текшерүү. Февраль, 2020-жыл.

Саламаттык сактоо министрлиги Жапонияда коронавируска байланыштуу карантинге алынган «Diamond Princess» саякат кемесиндеги кыргызстандык жарандан вирустун белгилери табылбаганын маалымдады. Ал учуп келери менен обсервацияга жаткырылып, 14 күндүк карантинге алынган. Анализдерин кайталап текшерүү 13 күндөн кийин жүргүзүлөт. Бул убакта ал обсервацияда көзөмөлдө болот.

Жапониянын жээгине келген «Diamond Princess» саякат кемеси 3-февралдан тартып вирустун айынан карантинге алынган. Кемеде 3000ден ашык киши бар экени, алардын 400дөн көбүнө коронавирус жукканы аныкталган.

Кемедеги кыргыз жараны 15-февралда Токиодогу Аскердик госпиталда байкоого жаткырылган. Бир нече жолу анализдери коронавируска текшерилип, таза чыккан. Коронавирус жукпаганы аныкталып, 29-февралда госпиталдан чыгарылган.


Министрликтин дагы бир маалыматы боюнча, 9-мартта Стамбулдан учуп келген кыргызстандыктан да коронавирус аныкталган жок. Алгачкы анализдер жаран соо экенин көрсөткөн. Ушул тапта карантинге алынган жаран Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасына обсервацияга жаткырылды. Абалы туруктуу, дене табы тиешелүү деңгээлде.

Коронавирустун алдын алуу штабы Кыргызстанда жугуштуу илдетке чалдыккандар катталбаганын маалымдоодо. (ZKo)

XS
SM
MD
LG