Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:27

Мунайдын арзандашы рублдин кунун кетирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

9-мартта мунай баасы 30% түшүп кетти. Бул 1991-жылы Перс булуңунда согуш башталгандан берки эң ири төмөндөө катары бааланууда. Кара май өткөн аптанын аягынан баштап арзандап, кесепети башка товарларга да тийип жатат.

Коронавирустан улам дүйнөдө өндүрүш, транспорт каттамдары азайып, мунай өндүрүмүнө суроо-талап азаюуда. Натыйжада кара майдын наркы түшүп жатат.

Мунун алдын алуу максатында өндүрүш көлөмүн чектөөнү макулдашуу үчүн мунай экспорттоочу өлкөлөр (ОПЕК жана ага кирбегендер) өткөн аптанын аягында Венага чогулган. Бирок «чектөөгө негиз жок» деп Орусия кошулган жок. Орусиянын чечимине жооп иретинде Сауд Арабиясы өзү өндүргөн мунайды 6-8 долларга чейин арзандатып, өндүрүштү тескерисинче көбөйтүүнү чечти.

Дем алыш күндөрү дүйнөдө кара майдын баасы кескин төмөндөдү. Маселен, эң кеңири тараган «Brent» үлгүсү өткөн бейшембиде 50 доллар болсо, дүйшөмбүдө 32 долларга чейин түштү.

Мунай баасынын төмөндөшүнөн улам Орусиянын улуттук валютасы да арзандады. 1 рубль дүйшөмбүдө кыргыз сомуна карата 93 тыйынга чейин арзандады. Ал эми үч күн мурда 68 рубль турган доллар 8-мартта 75ке чыкты.

XS
SM
MD
LG