Кыргызстандын базарларында абал туруктуу, айыл чарба азыктары жетиштүү көлөмдө, импорт азайган жок. Бул тууралуу 10-мартта коронавирус инфекциясынын өлкөнүн экономикалык абалына тийгизген таасиринин кесепеттерин азайтууга багытталган чараларды жүзөгө ашыруу боюнча республикалык штабдын кезектеги жыйынында айтылды.
Ошондой эле кыргыз тарап өндүрүмдү сыртка ташууга кандайдыр бир чектөө киргизбегени, бирок эң зарыл товарларды ташып чыгуунун көлөмүнө көзөмөл жүргүзүлүп жатканы маалым болду.
Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев базардагы жана дүкөндөгү азык-түлүктүн запасы менен баасына күн сайын мониторинг жүргүзүп турууну тапшырды.
Кытайдан чыккан коронавирус, соңку маалыматка караганда, жүздөн ашуун өлкөдө катталды. Андан каза болгондордун саны төрт миңге чамалады. Жугузуп алгандар 110 миңден ашат.
Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдө бул илдет аныкталбаганын, абал туруктуу экенин билдирүүдө.
Кийинки күндөрү Бишкекте таңсыктык пайда болушу ыктымал деген коркунучтан улам айрымдар азык-түлүктү көп сатып алып, үйүнө жыйнап жатканын социалдык түйүндөргө жазып жатышат. (RK)