Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:51

Равшан Жээнбеков аялдардын укуктарын коргоодо биримдикке чакырды


Равшан Жээнбеков. Архивдик сүрөт.
Равшан Жээнбеков. Архивдик сүрөт.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков Аялдардын укуктарын коргоо маршына тилектештигин билдирип, коомду бул багытта биримдикке чакырды.

«Азыр коомдук жашоого укук менен эркиндикке олуттуу караган жаңы муун аралаша баштады. Биз аларга өз тажрыйбабызды өткөрүп бере албайбыз, бирок, эч болбогондо тоскоолдук кылбай, колдоп турушубуз керек. Жарандык тилектештик улуттук кызыкчылыктарыбызды коргоого, жаңы жана заманбап Кыргызстанды курууга мүмкүнчүлүк берет», - деп айтылат Жээнбековдун кайрылуусунда.

Жээнбеков Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып, Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алынган.

2019-жылы 7-8-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жана Ички иштер министрлиги (ИИМ) Чүйдүн Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын жүргүзгөн. Анда бир офицер курман болуп, 200дөн ашык адам жабыркаган.

8-мартта Бишкекте «Аялдардын шериктештик маршы» өтмөк. Бет кап, калпак кийген белгисиз адамдар аны үзгүлтүккө учуратып, жүрүшкө чыккандарды милиция кармап кеткен. Укук коргоочулар, эл аралык уюмдар зомбулукка каршы жүрүштүн катышуучуларынын кармалышын кескин айыпташты.

Митингден кийин милицияга жалпысынан 11 адам жеткирилген, алардын алтоо кыз-келиндер, бешөө эркек. Свердлов райондук милициясында аларга карата протокол түзүлүп, кармалгандар айыппул төлөөгө милдеттендирилди.

Бүгүн, 10-мартта Бишкекте аялдардын укугун коргоого арналган дагы бир митинг өткөнү жатат.(RK)

XS
SM
MD
LG