Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:41

Аялдардын укугун коргоого арналган митингдегилер өз талаптарын айтышты


Бишкек. 10-март, 2020-жыл.
Бишкек. 10-март, 2020-жыл.

8-марттагы аялдардын укуктарын коргоо митингиндеги окуядан кийин уюштурулган жарандык акциянын катышуучулары өз талаптарын айтышты. Акция ушу тапта Бишкекте Революциянын каармандарынын эстелигинин жанында өтүп жатат. Акциянын коопсуздугуна милиция кызматкерлери көз салууда.

Митингге чыккандар Бишкектин Свердлов райондук милициясынын жетекчилигин жана кызматкерлерин «чагымчыларга чара көрбөгөнү, тынч тургандарды кармап кеткени үчүн жоопко тартууну» талап кылышты. Ошону менен катар өкмөттү чукул жыйын өткөрүп, «8-марттагы укук бузууну жана башка укуктук чектөөлөрдү жакшылап иликтеп, милициянын аракеттерине укуктук баа берүүгө» чакырышты. Акция учурунда ошондой эле төмөнкүдөй талаптар жарыяланды:

"Аткаруу бийлиги Конституция алкагында жарандардын тынч жыйындарды өткөрүү укугун камсыз кылсын;

8-марттагы тынч акциянын катышуучуларына чабуул жасагандары таап, чара көрсүн;

Ошол ак калпак жана бет кап кийип кол салган уюшкан топтун буюртмачысын таап, жоопко тартсын;

Салык төлөөчүлөрдүн эсебинен каржылануучу коомдук телеканалдар башкача ойлонгондорду жерүүсүн токтотсун."

8-мартта Бишкекте «Аялдардын шериктештик маршы» өтмөк. Бет кап, калпак кийген белгисиз адамдар аны үзгүлтүккө учуратып, жүрүшкө чыккандарды милиция кармап кеткен. Укук коргоочулар, эл аралык уюмдар зомбулукка каршы жүрүштүн катышуучуларынын кармалышын кескин айыпташты. (RK)

XS
SM
MD
LG