Түрмөдөгү саясатчы Садыр Жапаровду колдогон митингден кийин кармалгандардын бири Тилекберди уулу Азиз психиатриялык ооруканада каттоодо турат. Бул тууралуу «анын агасымын» деп «Азаттыкка» кайрылган Бектур Бейшеналиев аттуу жаран билдирди:
«Менин бир тууган иним болот. Үйдөн 29-февралда чыгып кеткен бойдон таппай жатканбыз. Бишкекте жүргөнүн телефондон көрүп калдык. Достору менен жүрүп пикетке илинип калыптыр. Психиатриялык ооруканада каттоодо турат, жылына бир айдан дарыланып чыгат».
4-мартта Тилекберди уулу Азиз Свердлов райондук сотунун токтому менен эки айга №21 абакка камалганы тууралуу маалыматты «Азаттыкка» шаардык соттун басма сөз кызматы ырастады.
2-мартта Бишкек шаарынын борбордук Ала-Тоо аянтында Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Садыр Жапаровду бошотууну талап кылган митингдин соңунда чогулгандар менен милиция кагылышкан. Милиция митингдин катышуучуларын күч менен таратып, айрымдарын кармаган.
Бул фактыны Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 264-беренесинин («Массалык башаламандык») негизинде каттап, сотко чейинки териштирүү башталган. Бул фактынын негизинде төрт киши кармалганы тууралуу маалымат тарап, бирок алардын аты-жөнү ачык айтылган эмес.
«Бийликти басып алууга аракеттенген» деген шек менен УКМКнын тергөө абагына Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Каныбек Осмоналиев жана Жапаровду коргоо кыймылынын Каракол шаардык штабынын башчысы Анар Дубанбаева 3-майга чейин камалган. (RK)