Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:09

Жээнбеков Баткенде логистикалык борбордун долбоору менен таанышты


Сооронбай Жээнбеков Баткенде. 10-март, 2020-жыл.
Сооронбай Жээнбеков Баткенде. 10-март, 2020-жыл.

Баткен шаарында 1000 тоннага чейинки көлөмдө ар кандай өндүрүм сактоого боло турган логистикалык борбор курулат. 10-мартта мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Баткендеги иш сапарында бул долбоор менен жеринен таанышты.

Аякташы 2021-жылга пландалып жаткан долбоордун жалпы баасы 46,5 млн. сом. Анын курулушуна Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунан жарым-жартылай каражат тартуу болжолдонууда.

Мындан тышкары президент өрүктү, сүттү кайра иштетүүчү ишканаларды, айнек заводун, касапкана жана темир-бетон заводун куруу долбоорлору менен таанышып чыкты.

Ошондой эле бүгүн, 10-мартта Жээнбеков Баткен шаарын таза суу менен камсыз кылуу жана канализация тутумдарын реабилитациялоо ишин көрүп чыкты.

Өкмөттүн маалыматына караганда бүгүнкү күндө Баткен шаары таза суу менен 60% камсыздалган.

Мамлекет башчы 2024-жылдын соңуна чейин жалпы өлкө боюнча калкты таза суу менен камсыздоо маселеси этап-этабы менен чечилерин билдирди.

Кыргызстанда элди таза суу менен камсыз кылуу маселеси - эң орчундуу социалдык көйгөйлөрдүн бири. Өлкө экологиялык жактан таза азыктарды өндүрүүчү аймак болгону менен экспортко чыгуу жагы жолго салынбаганын адистер айтып жүрүшөт. (RK)

XS
SM
MD
LG