Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:10

Лондон: Назарбаевдин небересине таандык делген үйдүн чоо-жайы иликтенет


Нурсултан Назарбаевдин небереси Нурали Алиев.
Нурсултан Назарбаевдин небереси Нурали Алиев.

Британиянын Кылмыштуулукка каршы улуттук агенттиги Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин небереси Нурали Алиевге таандык делген Лондондогу кымбат баалуу үйдүн чоо-жайын иликтейт. ВВС, «Transparency International» жана «Finance Uncovered» деген өкмөттүк эмес уюмдар маалымдагандай, британ өкмөтү «казак саясий элитасынын булагы аныкталбаган байлыгына» кызыгып жатат.

ВВС медиакомпаниясы Лондондун кымбат көчөсүндө жайгашкан чоң үйдүн жертөлөсүндө кинотеатр менен бассейн бар деп сүрөттөйт.

Бул кыймылсыз мүлктүн кожоюну катары офшордук компаниялар көргөзүлгөн.

Британиянын Кылмыштуулук менен күрөш боюнча агенттиги атайын иликтөөнүн алкагында ал үйдүн чоо-жайына кызыкты. Эми бул турак жайды сотко чейин сатууга же башка бирөөгө өткөрүп берүүгө болбойт дегенди билдирет. Соттук териштирүү 10-мартта башталмак.

XS
SM
MD
LG