Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков 10-мартта Ирандын Кыргызстандагы элчиси Саид Харазини кабыл алды. Жолугушуу учурунда төрага элчиден коронавирустан улам Ирандын чек арасында чыга албай кармалып калган кыргызстандык айдоочуларды мекенине кайтарууга көмөктөшүүсүн суранды.
Мындан тышкары Дастан Жумабеков Кыргызстан эки тараптын соода мамилесин кеңейтүүгө кызыкчылыгы бар экенин белгилеп, парламент аралык кызматташууну да өнүктүрүү боюнча бир катар сунуштарын айтты.
Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы маалымдады.
Иран менен Түркмөнстандын чек арасында 76 кыргызстандык айдоочу мекенине кайтып келе албай турганын Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлаган. Айдоочулар Иранда коронавирус күч алгандан улам Түркмөнстан чек арасын жаап салганына байланыштуу чыга албай калышкан. Эки күн мурун алар президент Жээнбековго кайрылып, Ирандан чыгарып кетүүсүн суранышкан. (ZKo)