Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:57

Коронавирус: Жогорку Кеңештин имаратына сырттан келгендердин кириши чектелди


Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

Жогорку Кеңеш жана президенттин иш кеңсеси жайгашкан имаратка сырттан келгендерди киргизүү убактылуу токтотулду. Бул тууралуу 11-мартта парламенттин жалпы жыйынында спикер Дастанбек Жумабеков билдирди:

«Жогорку Кеңешке чектөө киргизип жатабыз. Мурда сырттан келген конокторду, айылдык кеңештердин депутаттарын, мектеп окуучуларын, студенттерди кабыл алчубуз, иш-чараларды өткүрчүбүз. Мунун баарын убактылуу токтоттук. Сыртка чыгуу боюнча, эгер ал сапар Жогорку Кеңеш аркылуу болсо, биз токтотууга депуттар менен сүйлөшүп жатабыз. Ал эми өз демилгеси менен же башка мамлекеттик эмес уюмдар менен чыгып жаткандардын өз иш-чаралары бар экен, ошонун негизинде чыгып жатышат. Бирок аларга да эскертүү беребиз».

Соңку маалымат боюнча, Кытайдан чыккан коронавирус дүйнөдө дээрлик 110 миң адамга жукту, алардын көбү кытайлыктар. 4 миңден ашуун адам каза болду, 60 миңдейи айыгып чыкты.

Кыргызстандын Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин маалыматына караганда, өлкөдө бул илдетке чалдыккандар катталган жок. (RK)

XS
SM
MD
LG