Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:15

ӨКМ: Куткаруучулар Сүлүктүдөгү шахтада кооптуу абалды жөнгө салышты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Куткаруучулар Баткенде көмүр шахталарынын биринде газ чыгып жатканына байланыштуу түзүлгөн кооптуу абалды жөнгө салышты.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, окуя Сүлүктү шаарынын аймагында 10-мартта болгон. Куткаруучулар «Ибрагимов» шахтасына тосмо орнотуп беришкен. Жалпысынан 10 куткаруучу тартылган.

5-мартта Сүлүктүдөгү «Узун-Сай» ишканасында адистер өрттү өчүрүп, газ чыккан жерге тосмо орнотуп беришкен.

Мамлекеттик экотехинспекциянын маалыматына караганда, 2018-жылы Кыргызстанда тоо-кен тармагындагы ишканаларда 20 кырсык катталып, жети жумушчу каза тапкан, 13ү оор жараат алган. 2019-жылдын октябрына чейин алты кырсык катталып, үч жумушчу каза тапкан жана үчөө оор жараат алган. Ошол эле жылдын 10-декабрында Сүлүктү шаарындагы шахтада газга ууланып төрт киши каза болгон. (RK)

XS
SM
MD
LG