Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:27

Кыргызстан Иранда калган айдоочуларын Азербайжан аркылуу алып келмей болду


Иранда калган кыргызстандык айдоочулар.
Иранда калган кыргызстандык айдоочулар.

Иранда калган кыргызстандык айдоочулардын айрымдары Азербайжан аркылуу келгени жатышат. Бул тууралуу 11-марта Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, кыргыз тарап Азербайжандын тийиштүү мекемелери менен сүйлөшүү жүргүзүп, транзиттик коридор сураган.

Натыйжада 9-11-март күндөрү иран-азербайжан чек арасындагы «Астара» көзөмөл-өткөрмө бекетинен 23 оор жүк ташуучу машиненин 11и өттү. Калган 12 автоунаа азыр паспорттук-бажы текшерүүсүнөн өтүп жатат.

ТИМдин маалыматына караганда, Иранда калган кыргызстандык айдоочулардын жалпы саны 62 адам.

Буга чейин Иран-Түркмөнстан чек арасында коронавируска байланыштуу карантинде камалып калган кыргыз айдоочуларынын саны 76 экени, алар алып кетүүнү сурап, президент Сооронбай Жээнбековго кайрылганы маалым болгон.

Өкмөт Түркмөнстан Кыргызстандын транзит тууралуу өтүнүчүн канааттандырбай койгонун билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG