Ички иштер министрлиги (ИИМ) бул мекеменин тергөөчүлөрү Кой-Таш окуясы боюнча ишти тергөөдөн баш тартпаганын билдирди. Соттолуучулардын бири Фарид Ниязовдун дооматына жооп берген министрлик эч ким баш тартпаганын, иш тергелип бүтүп, материалдар сотко жөнөтүлгөнүн маалымдады.
«Башкы прокуратуранын токтому менен 2019-жылдын 8-августунда ИИМдин Тергөө кызматынын, Аскер прокуратурасынын, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Башкы тергөө башкармалыгынын жана Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) тергөө башкармалыгынын тергөөчүлөрүнөн турган мекеме аралык тергөө тобу түзүлгөн. Кылмыштар коомдук чоң резонанс жараткандыктан объективдүүлүктү жана тергөөнүн толуктугун камсыз кылуу максатында бул топко аталган мекемелердин тажрыйбалуу гана тергөөчүлөрү кирген» деп айтылат ИИМдин билдирүүсүндө.
11-мартта Кой-Таш окуясына байланыштуу соттолуп жаткан Фарид Ниязов «Альфанын» офицеринин өлүмү жана башка жоокерлеринин ур-токмокто калышы үчүн УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаевди айыптаган. Ал ИИМдин көптөгөн тажрыйбалуу тергөөчүлөрү бул иш эртедир-кечтир кайра каралып чыгарына, азыркы тергөөчүлөр жоопко тартыларына көзү жеткендиктен тергөөдөн баш тартып коюшканын билдирген.
«Азаттык» радиосунун Ниязовдун дооматтарына байланыштуу УКМКдан жооп алуу аракетинен майнап чыккан жок. Буга чейин Кой-Таш иши боюнча УКМКнын басма сөз кызматы тергөөнү милиция органдары жүргүзгөнүн, андыктан комментарий бере албай турганын билдирген.
2019-жылдын август айында УКМК жана ИИМ мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын жүргүзгөндө «Альфанын» бир офицери курман болуп, 200дөн ашуун адам жараат алган. Окуяга байланыштуу козголгон кылмыш ишин тергеген ИИМдин Тергөө кызматы Атамбаев баштаган 19 адамга айып койгон. Алардын 14үнүн иши сотко өткөн. Калган беш адам тергөө менен кызматташууга макул болгону үчүн алардын иши өзүнчө тергелүүдө.
Фарид Ниязов да соттолуучулардын бири. Ал Атамбаев бийликте турганда анын кеңешчиси болуп иштеген.
Ишти Бишкектин Биринчи май райондук соту 23-мартта жабык карай баштайт. (RK)