Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:03

Орусия: Федерация Кеңеши Конституцияны өзгөртүүгө макул болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусияда парламенттин жогорку палатасы - Федерация Кеңеши 11-мартта «Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун жактырды. Документти 160 депутат колдоп, бирөө каршы чыкты. Дагы үч депутат добуш берген жок. Мунун алдында Мамлекеттик Дума мыйзам долбоорун үчүнчү окууда көпчүлүк добуш менен кабыл алган. Документти 383 депутат колдоп, ал эми 43ү бир өңчөй пикирин билдирген эмес.

Баш мыйзамга эми мындан ары кудай жөнүндө сөздөр жана үй-бүлө эркек-менен аялдан куралары жазылат. Ошондой эле президенттик мөөнөткө байланыштуу «катары менен» деген жери алынып ташталат жана мындан улам эмки президенттер кызматта эки гана мөөнөт боло алат. Андан сырткары азыркы президент Владимир Путиндин жана экс-президент Дмитрий Медведевдин буга чейинки президенттик мөөнөттөрү жокко чыгарылат. Бул Путинге 2036-жылга чейин бийликте калышына жол ачат.

Владимир Путин 10-мартта Мамлекеттик Думада сүйлөп жатып, мындай өзгөртүүлөрдү колдогон жана ага Конституциялык сот укуктук баа бериши керек экенин айткан.

Путин 15-январда Федерация Кеңешинде кезектеги кайрылуу менен чыгып, Конституцияны өзгөртүп, президенттин айрым ыйгарым укуктары парламентке берилиши керек экенин айткан. Ошол эле күнү анын жарлыгы менен Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча жоон топ адамдан куралган жумушчу топ түзүлгөн.

XS
SM
MD
LG