Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:19

Коронавирус пандемия деп жарыяланды


Ирактагы беткапчан аялдар. 11-март, 2020-жыл.
Ирактагы беткапчан аялдар. 11-март, 2020-жыл.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башчысы Тедрос Гебрейесус өпкөнү сезгенткен жаңы вируска байланыштуу абалды пандемия деп сыпаттады. Ал 11-марттагы билдирүүсүндө жакынкы күндөрү коронавирусту жугузуп алгандар жана андан ажал тапкандар дагы көбөйүшү ыктымал экенин эскертти.

Ушул тушта бул оору дүйнөнүн 100дөн ашык өлкөсүндө катталды. Илдетти жугузуп алган адамдардын саны 120 миңден ашты. Коронавирус 4 миңдей адамдын өмүрүн жалмады.

Мунун алдында Кытай бийлиги коронавируска каршы күрөшкө көмөктөшүп, Италияга гуманитардык жардам жөнөтөрүн билдирген. Европа өлкөлөрүнүн ичинен Италияда оору тез жайылып жатат. Коронавирус жугузуп алгандардын саны 10 миңге чамалап, 400дөн ашык киши ажал тапты. Бүтүндөй өлкөдө карантин жарыяланды. Карантинден улам Украинада, Молдовада, Чехияда, Словакияда жана Грекияда мектептер, окуу жайлары жабылып жатат.

Орусиянын Москва шаарынын мэри Сергей Собянин 10-апрелге чейин эл көп катышкан иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салды. Түркияда коронавирус жугузуп алган алгачкы адам катталды.

Кытайда болсо бул ооруга кабылгандар кескин азайды - соңку бир күндүн ичинде илдет 19 гана адамдан аныкталды. Бул өлкөдө коронавирус 80 миңден ашык адамга жугуп, алардын көбү айыгып чыкты.

XS
SM
MD
LG