Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:53

Бишкекте «Медиа Диалог» долбоору ишке кирет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Долбоор шайлоо учурунда чыр-чатактардын алдын алууга жана медиа тармакты реформалоону колдоого багытталган. Мындан тышкары демократияны жайылтуучу күч катары медианын жоопкерчилигин бекемдөөнү көздөйт.

Долбоордун алкагында маалымат каражаттары, журналисттер жана редакторлор, парламент, БШК жана аймактардагы комиссиялар, саясий партиялар, жарандык активисттер жана кызыкчылыгы бар тараптардын баары иш алып бара алат.

Долбоордун бет ачары 12-мартта, Бишкекте болот. Иш-чарага долбоорду колдоого алган Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлү Эдуар Ауэр катышат. Анда «Медиа Диалогдун» максаты, милдеттери тууралуу маалымат берилип, аны аткаруучу уюмдар тааныштырылат.

Иш-чарага Жогорку Кеңештен, өкмөттөн, элчиликтерден, коомдук уюмдардан жана башка мекемелерден өкүлдөр чакырылган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG