Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Март, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:05

Улуттук банк доллардын курсун 72,90 сом деп аныктады

Бишкек. 10-март, 2020-жыл.
Бишкек. 10-март, 2020-жыл.

Кыргызстанда доллар кымбаттагандан бери анын курсу расмий түрдө жаңыланды. Улуттук банктын сайтында 12-мартка карата валюталар курсу деген бөлүмдө бир доллар 72 сом 90 тыйын деп жазылып турат.

Бир нече жылдан бери туруктуу бойдон 69 сомдун тегерегинде болуп келген доллар 10-мартта үч сомго кымбаттаган. Бирок Улуттук банктын расмий сайтында 69,85 сом бойдон турган.

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов 11-мартта Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында сомдун мындан ары арзандашына орчундуу негиз жок экенин айтты.

10-мартта Улуттук банк валюталык интервенция жүргүзүп, 53,7 миллион АКШ долларын (анын 4,0 миллиону нак акча түрүндө) 72,90 сомдон сатыкка чыгарды. (RK)

XS
SM
MD
LG