Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:01

Кой-Таш окуясы: УКМК Фарид Ниязовдун дооматын негизсиз деп атады


УКМК.
УКМК.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып жаткан Фарид Ниязов жоопкерчиликтен качып, коомчулукту адаштырууга аракет кылып жатат деп эсептейт. Мекеменин басма сөз кызматы 12-мартта ушундай билдирүү таратып, Ниязовду «тартип коргоо органдарын жаманатты кылып, иликтөөнүн жыйынтыгына саясий өңүт берип, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жана анын тарапкерлеринин мыйзамсыз иштерин актоого аракет кылып жатат» деп айыптады.

Кой-Таш окуясы учурунда УКМК кызматкерлери чыныгы ок эмес, атайын каражаттарды гана колдонууга мажбур болгонун билдирген атайын кызмат мунун баары видеоматериалдар менен тастыкталарын белгиледи.

«Ниязовдун УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев «Альфанын» жоокерлерине Атамбаевдин үйүнөн чыгып кетүүгө уруксат бербей, аларды кооптуу абалда калтырганы тууралуу дооматтары таптакыр негизсиз» деп айтылат атайын кызматтын билдирүүсүндө.

11-мартта Ниязов «Альфанын» офицеринин өлүмү жана башка жоокерлеринин ур-токмокто калышы үчүн Опумбаевди айыптаган. Ал Ички иштер министрлигинин (ИИМ) көптөгөн тажрыйбалуу тергөөчүлөрү бул иш эртедир-кечтир кайра каралып чыгарына, азыркы тергөөчүлөр жоопко тартыларына көзү жеткендиктен тергөөдөн баш тартып коюшканын билдирген.

2019-жылдын август айында УКМК жана ИИМ мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын жүргүзгөндө «Альфанын» бир офицери курман болуп, 200дөн ашуун адам жараат алган. Окуяга байланыштуу козголгон кылмыш ишин тергеген ИИМдин Тергөө кызматы Атамбаев баштаган 19 адамга айып койгон. Алардын 14үнүн иши сотко өткөн. Калган беш адам тергөө менен кызматташууга макул болгону үчүн алардын иши өзүнчө тергелүүдө.

Фарид Ниязов да соттолуучулардын бири. Ал Атамбаев бийликте турганда анын кеңешчиси болуп иштеген.

Ишти Бишкектин Биринчи май райондук соту 23-мартта жабык карай баштайт. (RK)

XS
SM
MD
LG