Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
бейшемби, 2-апрель, 2020 Бишкек убактысы 05:47

Коронавирус: Тойлорду токтото туруу зарыл экендиги айтылды


Бактыбек Турусбеков.

Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Турусбеков коронавирус коркунучуна байланыштуу Кыргызстанда эл көп чогулуучу иш-чараларды убактылуу токтото туруу керек деп эсептейт. Мындай сунушун ал 12-мартта парламенттин жалпы жыйынында айтты:

«500-700 адам чогулган тойлор өтөт. Кол алашып, жүзүнөн өөп саламдашат, коштошот, конверт тапшырышат. Элден, бизнестен кечирим сурайм, албетте, бирок кеп элибиздин ден соолугунда болуп жатат».

Ошону менен катар депутат окуучуларды жана студенттерди каникулга таратып, окууну жайкыга которууну сунуш кылды.

Билим берүү мекемелерин 15-марттан 15-апрелге чейин жаба туруу туура болорун бүгүн депутат Тазабек Икрамов да айтты.

Соңку маалымат боюнча, Кытайдан чыккан коронавирус дүйнөнүн 110дон ашуун өлкөсүнө тарап, дээрлик 118 миң адамга жукту, алардын көбү кытайлыктар. 4200дөн ашуун адам каза болду, 63 миңдейи айыгып чыкты.

Кыргызстанда бул илдет катталган жок. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (16)

XS
SM
MD
LG