Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2021 жума, Бишкек убактысы 20:45

Өкмөт: Мектептерди жабуу планыбыз азырынча жок


Алтынай Өмүрбекова.

Кыргыз өкмөтү коронавирус коркунучуна байланыштуу мектептерди жабуу боюнча планды азырынча караштырган жок. Бул тууралуу «Азаттыкка» вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова билдирди. Анын айтымында, окуучулар жазгы каникулга чыгарына ансыз деле аз калды, чечим кырдаалга жараша кабыл алынат.

«Азырынча 21-марттан баштап 1-апрелге чейин каникулга чыгышат деп жатабыз. Эгер зарыл болсо улантуу жагын карайбыз. Кырдаалга жараша болот», - деди ал.

Өмүрбекова бир чети балдар мектепке барып жатканы жакшы экенин, себеби бул көзөмөл жүргүзүүгө ыңгайлуу экенин билдирди. «Ар кайсы жакка барбай, мектепке барып, санитардык-гигиеналык талаптар жана эрежелер тууралуу маалымат алып жатканы жакшы» экенин кошумчалады.

12-мартта Жогорку Кеңеште айрым депутаттар окуучуларды жана студенттерди каникулга таратып, окууну жайкыга которууну сунуш кылышты.

Билим берүү мекемелерин 15-марттан 15-апрелге чейин жаба туруужөнүндө депутат Тазабек Икрамов маселе көтөрдү.

Соңку маалымат боюнча, Кытайдан чыккан коронавирус дүйнөнүн 110дон ашуун өлкөсүнө тарап, дээрлик 118 миң адамга жукту, алардын көбү кытайлыктар. 4200дөн ашуун адам каза болду, 63 миңдейи айыгып чыкты.

Кыргызстанда бул илдет катталган жок. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (4)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG