Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
бейшемби, 2-апрель, 2020 Бишкек убактысы 06:40

Аксыда окуучусу сабалган мектептин директору иштен алынды


Иллюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абад облусунда окуучусу сабалган мектептин директору иштен алынды. Билим берүү жана илим министрлиги окуя 6-февралда Аксы районундагы №5 орто мектептин аймагында катталганын тастыктады.

"9-класстын алты окуучусу ушул эле класстын окуучусун сабаган. Сабалган өспүрүм ооруканага кайрылган, учурда окуусун ошол мектепте улантууда. Окуядан кийин мектептин социалдык педагогу жумуштан алынган. Директору Кененбай Шабданов өзүнүн иш милдеттерине жоопкерчиликсиз мамиле жасап, зордук-зомбулукту алдын алуу боюнча окуучуларга түшүндүрүү иштерин жеткиликтүү жүргүзбөгөндүгү үчүн ээлеген кызматынын бошотулду" деп билдирди министрликтин басма сөз кызматы.

Бир топ бала бир баланы бүтө элек курулуштун ичине киргизип алып аёсуз ур-токмокко алып жатканы тартылган видео бул күндөрү интернетте тарап жатат.

Райондук милиция «Ээнбаштык» беренеси менен сотко чейинки териштирүү иши ачылып, алты окуучу шектүү катары тергөөгө тартылганын кабарлады.

"Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыгып, жакында иш сотко жөнөтүлгөнү турат. Жабыркаган баланын апасы тосмо арыз жазып бергенине карабай акырына чейин тергелип бүтөт» деп айтылат милициянын билдирүүсүндө. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (7)

XS
SM
MD
LG