Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:59

Кыргызстанга сырттан келүүчүлөр үч категорияга бөлүндү


«Манас» аэропортуна учуп келген жүргүнчүлөрдү тепловизор менен текшерүү. Февраль, 2020-жыл.
«Манас» аэропортуна учуп келген жүргүнчүлөрдү тепловизор менен текшерүү. Февраль, 2020-жыл.

Эпидемиологиялык абалына жараша бөлүштүрүлгөн өлкөлөрдүн арасынан биринчи категорияга коронавирус илдети аныкталып, көбөйүп кеткен мамлекеттер кирет. Бул категорияга кирген Кытай, Италия, Иран, Түштүк Корея, Франция, Германия жана Испания өлкөлөрүндө акыркы бир ай ичинде болгон чет элдик жарандар Кыргызстанга киргизилбейт. Ал эми кыргызстандык жарандар түз карантинге түшөт. Буга ички, жалпы жарандык жана дипломаттык паспорт алып жүргөн бардык жарандар кирет.

Илдет күч алган өлкөлөрдө болгонун жашырган адамдар кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

Экинчи категорияга АКШ, Жапония, Швеция, Швейцария, Британия, Белгия жана Нидерланды мамлекеттеринен келгендер кирет. Булардын баары эки жума үй карантинине алынат. Карантин шарттарын бузуп, эл көп чогулган жерлерге барган жарандар мыйзамдуу жоопко тартылат.

Үйүндө карантинде болууга мүмкүнчүлүгү жок чет элдик жарандар өлкөгө атайын мекеме аралык комиссиянын чечимине жараша киргизилет жана тийиштүү жерге 14 күндүк обсервацияга жаткырылат.

Үчүнчү категорияга дээрлик оору аныкталбаган мамлекеттерден келгендер киргизилет. Алар милдеттүү түрдө медициналык текшерүүдөн өтөт. Алардын эки жума аралыгында өлкө ичинде ары-бери каттоосуна чектөө коюлат.

Обсервациядан элчиликтердин жана эл аралык уюмдардын кызматкерлери, чет өлкөлүк расмий делегациялардын мүчөлөрү саламаттыгына жараша бошотулат.

Коронавирустун алдын алуу боюнча республикалык штабдын маалыматына караганда, Кыргызстанда илдетке чалдыккандар катталган жок. Бардык чек ара бекеттери күчөтүлгөн тартипте иш алып барышууда.(ZKo)

XS
SM
MD
LG