Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:30

Өкмөт: Кытайдан жүк ташуу качан калыбына келери белгисиз


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коронавируска байланыштуу чек арадагы чектөөлөр экономикага таасирин тийгизерин, бирок калктын саламаттыгы үчүн өкмөт ушундай чараларга барып жатканын белгиледи. Бул тууралуу өкмөт башчы 12-мартта өткөргөн республикалык штабдын кеңешмесинде билдирди.

Абылгазиев Кытайдан өндүрүш үчүн чийкизат келерин, жүк ташуу качан жана кандай жол менен калыбына келери белгисиз экенин айтты.

«Кытай негизги соода өнөктөштөрүбүздүн бири болуп саналат. Анын жалпы товар жүгүртүүдөгү үлүшү 26,4% түзөт. 2019-жылга карата импорттун жалпы көлөмүндөгү үлүшү 35,4% түзгөн. Негизинен бул өндүрүш үчүн чийкизат базасы. Азыр чийкизат запасы бар, бирок жүк ташуу качан жана кандай жол менен калыбына келери белгисиз», - деди Абылгазиев.

Кыргыз өкмөтү вируска байланыштуу экономикалык абалды талдаш үчүн атайын штаб түздү. Тийиштүү органдар чек ара жабылгандан бери товардын кирип чыгышы канча пайызга азайганын талдап жатышат. Азырынча так сан айтыла элек. Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсүнүн көлөмү орто эсеп менен 7 млрд. долларды түзсө, анын 5 млрд. доллары импорт. Сырттан ташылып келген товардын 35% Кытайдан келет, башкача айтканда бул импорттун суммасы $1.8 млрд доллар. Орто эсеп менен айына $140-150 млн. долларлык товар Кытайдан кирет. (TSh)

XS
SM
MD
LG