Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:47

Болгарияда коронавирустан улам өзгөчө абал жарыяланат


Болгар өкмөтүнүн жыйыны. София, 8-март, 2020-жыл.
Болгар өкмөтүнүн жыйыны. София, 8-март, 2020-жыл.

Болгариянын өкмөтү коронавирустун жайылышынын алдын алыш үчүн парламенттен өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыялоону өтүнгөнү жатат. Мындай өтүнүч эл өкүлдөрүнүн кароосуна 13-мартта жөнөтүлөрүн бейшемби күнү премьер-министри Бойко Борисов билдирди. 

Эгер өзгөчө кырдаал киргизилсе, Болгарияда мектептер, бала бакчалар жана жогорку окуу жайларынын баары убактылуу жабылат. Борисов 14 күндүк карантин эрежелерин сактабагандар жазага тартыларын, айып пулдун өлчөмү 3 миң доллардай болушу мүмкүн экенин кошумчалады. 

Болгарияда өпкөнү сезгенткен COVID-19 вирусун жугузуп алгандар 12-мартта дээрлик үч эсе көбөйүп, 23 адамга жеткен. Европанын түштүк-чыгышында жайгашкан бул өлкө жабык жайларда 250дөн көп кишиге бир учурда чогулууга тыюу салып, ишканаларды жумушчуларына үйдөн иштөөгө шарт түзүүгө чакырган. 

 

XS
SM
MD
LG