Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Март, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:35

Канада өкмөт башчысынын жубайы коронавируска кабылды

Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо жана анын жубайы Софи Грегуар-Трюдо.
Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо жана анын жубайы Софи Грегуар-Трюдо.

Канаданын премьер-министри Жастин Трюдонун жубайы Софи Грегуар-Трюдо коронавирус жугузуп алды. Бул маалыматты Канаданын өкмөт башчысынын кеңсеси 12-мартта ырастап, Софи Трюдо карантинге алынганын, бирок абалы жакшы экенин билдирди. 

Премьер-министрдин жубайы шаршемби күнү Британиядан учуп келгенден кийин сасык тумоолоп калган. Канада өкмөтү премьер-министр Жастин Трюдодо илдеттин эч кандай белгиси жок экенин, ошентсе да ал 14 күндөй обсервацияда болорун белгиледи. 

Ал ортодо Бириккен Улуттар Уюмунун Нью-Йорктогу кеңсесинде да биринчи жолу вирус катталды. Акыркы жолу 9-мартта жумушка келген филиппиндик дипломат илдетке чалдыкканы белгилүү болду. Ушундан улам Филиппиндин БУУдагы бардык өкүлдөрү үйдөн иштемек болушту. 

COVID-19 вирусу Батыш өлкөлөрүнө жайылып жатканы менен Кытайда жана Түштүк Кореяда аны жугузуп алгандар азайып баратат. Кытайда 13-мартта 8 кишиден гана вирус табылды. Бир күн мурда 15 адам коронавирусту жугузуп алганы ырасталган. Түштүк Кореяда илдетке чалдыккандарга караганда андан айыгып чыккандар көбөйдү. 13-мартта 110 киши коронавируска кабылса, 177си ооруканадан чыгарылды. 

XS
SM
MD
LG