Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:47

Иранда калган айдоочулар Азербайжандын аймагына өткөрүлүүдө


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ирандан чыга албай калган 76 айдоочунун 19у Азербайжандын аймагына өткөрүлдү. Калгандары Иран-Түрмөнстан чек ара бекетинде кармалып турат. Бул тууралуу «Азаттыкка» Соода-өнөр жай палатасынын логистика жана транспорт боюнча комитетинин төрагасы Талантбек Маткерим уулу билдирди.

«19 жүк ташуучу автоунаа Азербайжандын аймагына өттү. Алар калгандарын күтүп жатышат. Ирандын Түркмөнстан менен болгон эки чек ара бекетинде тургандарда документтери жана акча каражаттарынан кыйынчылык болуп, Ирандан чыга элек. Алар да Азербайжандын аймагына өткөндөн кийин Азербайжандын өкүлдөрү коштоп жүрүп, Орусияга тапшырат. Орусия кербенди коштоп келип, Казакстанга өткөрүп берет. Казакстан болсо Кыргызстандын чек арасына коштоп келип берет. Эгер жолдо тоскоолдуктар болбосо, Кыргызстанга бир жуманын ичинде келип калышат», - деди Талантбек Маткерим уулу.

18-февралдан бери 76 кыргызстандык айдоочу Иранда карантинде кармалып турган. Алар Иранда коронавирус тез жайылып, Түркмөнстан бул өлкө менен чек арасын жапканга байланыштуу өтө албай калышкан.​

Түркмөнстан айдоочуларды өткөрүүдөн баш тарткандан кийин Кыргыз өкмөтү Азербайжанга кайрылган.

Бул аралыкта айдоочулар алып кетүүнү сурап 9-мартта президент Сооронбай Жээнбековго кат жазышкан. (GT)

XS
SM
MD
LG