Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:52

Кыргызстанда умрадан кайтып келген 651 жаран үй карантинге түштү


Мекке.
Мекке.

Сауд Арабиясына умрага барып, ал жактан чыга албай калган 651 жаран Кыргызстанга кайтып келип, үй карантинге киргизилди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин директорунун орун басары Бахтияр Шакиров басма сөз жыйынында билдирди.

Шакировдун маалыматына караганда Кыргызстандан Сауд Арабиясына 654 жаран барып, аба каттамдары жабылгандыктан келе албай жаткан. 654 жарандын үчөө ошол жакта калган.

Кыргызстан коронавируска байланыштуу вирус катталган өлкөлөрдөн келгендерди үч категорияга бөлүп көзөмөлдөөдө. Сауд Арабиясы үчүнчү категориядагы өлкөлөрдүн катарына кирет.

Сауд Арабиясынан тышкары үчүнчү категорияга Сингапур, Австрия, Дания, Гонконг, Малайзия, Таиланд, Индия, Бахрейн, Австралия, Грекия, Канада, Ирак, Бириккен Араб Эмираттары, Кувейт, Ирак, Египет, Ливан, Катар кирет. Бул өлкөлөрдөн Кыргызстанга келгендерге өлкө аймагында жүрүүгө 14 күндүк чектөө киргизилген. (TSh)

XS
SM
MD
LG