Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:24

Ирак АКШнын аба чабуулдарын "агрессия" деп мүнөздөдү


АКШ абадан сокку урган аймак, Ирактын Кербала шаары, 13-март 2020-жыл.
АКШ абадан сокку урган аймак, Ирактын Кербала шаары, 13-март 2020-жыл.

Расмий Багдад АКШнын Ирактагы Иран колдогон шиит кошуундарына каршы чабуулун айыптады. Ирактын армиясы 13-марттагы билдирүүсүндө Кошмо Штаттардын аба соккуларынан ирактык беш коопсуздук кызматкери жана бир жайкын тургун мерт болгонун белгилеп, муну өлкөнүн куралдуу күчтөрүнө каршы “агрессия” деп мүнөздөдү.

Ирандын Тышкы иштер министрлиги АКШ президенти Дональд Трампты “коркунучтуу кадамдарга” барбоого чакырып, анын ордуна америкалык күчтөрдүн “чөлкөмдөгү жүрүм-турумуна” көңүл бурууга үндөдү.

12-мартта АКШнын Коргоо министрлиги Ирактагы Иран колдогон «Катаиб Хезболла» кошуунунун позицияларына абадан сокку ура баштаган. Пентагон “коргонуу максатын көздөгөн” бул операцияны америкалык жана британиялык аскерлердин өмүрүн алган эки күн мурдагы чабуулга жооп катары мүнөздөгөн.

11-мартта Ирактын баш калаасы Багдаддан 30 чакырым аралыктагы Тажи аскердик базасына урулган соккудан АКШнын эки аскери, Британиянын бир жоокери мерт болуп, ондогон адам жараат алган. Бул чабуулга эч ким жоопкерчилик алган эмес. Бирок Кошмо Штаттар бул аба соккуларына Иранды күнөөлөп келет.

XS
SM
MD
LG